Поиск в словарях
Искать во всех

Русско-киргизский словарь - держать

 
 

Перевод с русского языка держать на киргизский

держать

несов.

1. кого-что кармоо, алуу, жетелөө;

держать ружьё в руках мылтыкты кармап туруу;

держать ребёнка на руках баланы колго алып туруу;

держать ребёнка за руку баланы колдон кармап жетелөө;

держи вора! ууруну карма!, карма ууруну!;

держи лошадей! аттардын башын карма!;

2. что тиштеп туруу, кысып туруу;

держать папиросу в зубах папиросту тиштеп туруу;

держать книгу под мышкой китепти колтукка кысып туруу;

3. кармоо, тутуу;

держать двери на запоре эшикти кулпулап кармоо;

держать продукты на льду азыкты музда кармоо;

4. что токтотуу;

плотина держит воду сууну плотина токтотуп турат;

5. что (хранить) сактоо, коюу, тутуу;

я держу деньги в сберкассе мен акчаны сактык кассасында сактайм;

6. кого тутуу, тутунуу, кармоо;

держать домработницу үй кызматчы аялын тутуу;

7. кого-что багуу, асыроо;

он держит одну корову ал бир уй асырайт, анын бир ую бар;

держать курс бир жакка бет алуу, багытталуу;

пароход держит курс на юг пароход түштүккө бет алды;

держать экзамен сыноодон өтүү; держать слово сөзүндө туруу;

держать речь сөз сүйлөө;

держать ответ жооп (жоопкер болуп) берүү;

держать в тайне сыр сактоо; элге жайбоо; жашырын сактоо (кармоо);

держать оборону коргоо;

держать чью-л. сторону бирөөнүн жагында болуу, бирөөгө болушуу;

держать корректуру корректура окуу;

держать путь жол жүрүү, бара жатуу, жөнөө;

держать пари мелдешүү;

держи язык за зубами разг. тилиңе сак бол, оозуңду тый, оозуңду басып жүр;

держать ухо востро разг. сак болуу кулак түрүү;

держать себя өзүн өзү алып жүрүү;

держать нос по ветру күн тийген жердин чоросу болуу.

Рейтинг статьи:
Комментарии:

Вопрос-ответ:

Ссылка для сайта или блога:
Ссылка для форума (bb-код):

Самые популярные термины