Киргизско-русский словарь - катар
Связанные словари
Перевод с киргизского языка катар на русский
катар I
ар.
1. ряд;
онунчу катар, төртүнчү орун ряд десятый, место четвёртое;
эки катар разг. двухэтажный;
алдынкы катардагы находящийся в первых рядах; передовой;
алдыңкы катардагы жумушчу передовой рабочий;
катардан катарга туруп выстроившись в ряды;
катар тартстроиться в ряды;
катар тартып, жардангын! душман келди, камдангын! фольк. становитесь в ряды, стройтесь! пришёл враг, готовьтесь!;
катардагы мүчөлөр рядовые члены (напр. профсоюза);
2. ровня; сверстник;
катарын мерген тийип ал, Карыпбайга келинсиң фольк. твой сверстник охотник выходи (за него), будешь снохой Карыпбая;
"акын Током кайда" деп, "арзычу эле катарым" стих. мои сверстники спрашивали: где, мол, мой Токо акын?
3. перен. очередь, черёд (смерть);
катарыңар келди го, өлгөнүң өзүм көрдүм го фольк. (видите же) ведь настал ваш черёд (умереть), ведь сам я видел, что вы умерли;
муну менен катар наряду с этим;
эркектер катары наряду с мужчинами, наравне с мужчинами;
катары менен или катарынан подряд, сряду;
катары менен үч күн три дня сряду;
эки оору катар келди обнаружились две болезни одновременно;
бир катар жерлерде в некоторых местах, в ряде мест; во многих местах;
бир катары некоторая (его, их) часть, некоторые из них; значительная (его, их) часть;
катарында в качестве;
күбө катарында в качестве свидетеля;
кулактарды тап катарында жоготуу ликвидация кулачества как класса;
бир катарында редко как-то раз, однажды;
бир катар үстү-баш южн. один комплект одежды;
жок катары можно считать, что нет;
өтмө катар см. өтмө.
катар II:
жолду катар или жол катары то же, что жолду ката (см. ката II);
жол катары жалаң гана ошол кыз жөнүндө ойлонду всю дорогу он только и думал, что о той девушке.
катар III
ар.
1. страх, опасность;
катар кылбояться;
2. перен. то же, что мүчөл (по старым поверьям, наступление циклового года грозит опасностью для жизни);
катары келди его цикловой год каступил;
быйыл анын катары эле, коркуп жүрдүм эле в этом году его цикловой год, я (за него) боялся.
катар IV
ар.
(вместо кадар)
мүмкүн катары по мере возможности.